www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук социалдык тармагынын “Республика” баракчасы депутат Жанар Акаев тууралуу билдирүү жазып чыкты.

“Чоң саясатка аралашканына беш жыл толуп-толбой жатып, саясий сойкулуктун классикалык үлгүсүн көрсөтүүгө жетишкен жаш депутат пайда болду. Ал Жанар Акаев «Азаттыктын» журналисти болуп жүргөн жеринен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүнө маалымат катчы кылып 2015-жылдын февралында кызматка алган. Анан ошол жылдагы парламенттик шайлоого КСДП партиясынын тизмеси менен «батасын берип» аттанткан. Ошентип ойдо жок жерден төбөсүнө «ай тууп» Жанар мырза депутат болуп калган эле. Ошондогу анын кубанычында чек жок болчу. Атамбаевге эмне деп ыраазычылык билдирерин билбей, катуу делөөрүгөн. Журналист Алкановага берген маегинде «Атамбаев уурдабайт, уурдабайт, акча уурдабайт. Себеби мен жакында эле Ошто, Алайда болуп келдим да. Анан элдер айтты да ошентип. Чын эле уурдабайт», - деп ага таптакыр чаң жугузбай мактап отурган.
Парламенттин креслосуна көчүгүн «ыңгайлаштырып» жайгаштырып алган соң, ал анча-мынча Атамбаевдин саясатын да сындамыш эте койгонго өтүп алган. Бирок, ачык оппозиция болгон жок.

Ал ортодо Атамбаев менен ошол кездеги «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ортосун кара мышык аралап кетти. Башкы «атамекенчи» ал кездеги мамлекет башчысынын ишмердүүлүгүн катуу сындай баштады. Натыйжада Текебаевге коррупция беренеси менен иш козголуп, темир тор артына камалды. Ага каршы «Белизгейт» деген жаңы чуулгандуу тактика колдонулду. Россиялык ишкерден бир миллион доллар пара алган деген айып тагылды. Айтор, Атамбаев бийлигинин күчүнө таянып, Текебаевди жакшы эле сындырууга аракет жасады. Алтургай эл аралык деңгээлдеги жыйындардын биринде Атамбаев: «Кимдир-бирөө муну да репрессия деши мүмкүн. Кайдагы репрессия? Бул чыныгы алдамчылык жана коррупция. Ууру ким болсо дагы түрмөдө отурушу керек», - деген болчу. Текебаев сынбаса да жакшы эле чүнчүдү. Демек, Атамбаев менен Текебаевдин ортосунда келишкис, кайрадан тил табышпай тургандай окуя болуп өттү.

Бирок, таң калычтуусу Атамбаевдин шинелин жамынуу менен 2015-жылы парламентке келген Жанар Акаев эми 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо Текебаевдин шинелине кирип отурат. Ошондо Жанар мырзанын саясий позициясы кандай болуп калды? Текебаев менен биригип жаткандан кийин, демек анын карманган позициясы менен да макулмун дегени эмеспи. Башкы «атамекенчинин» айтымында Атамбаев дагы коррупционер. «Ата-Мекен» партиясы ага карата 11 өтө оор айыптарды тапкан. «2013-жылы «Ата-Мекен» партиясы мөңгүлөрдү сактоо керек деп чыккан, бирок Атамбаев алтын казуучу компаниянын кызыкчылыгын жылдырган. Жыйынтыгында ал «Центеррага» мөңгүлөрдү толугу менен жок кылууга уруксат берип кетти. Компаниянын өзү эми 3 млрд доллар үнөмдөйбүз дешти. Эгерде мен кимдир-бирөөнү 3 млрд доллар үнөмдөй тургандай шарт түзүп берсем, ал мага ыраазычылык билдирбейби? Атамбаев мамлекеттин кызыкчылыгына каршы компаниянын кызыкчылыгын коргоду. Бул коррупция. Ал мамлекетке зыян алып келди. Муну иликтеш керек», - деген Текебаев.

Мындан сырткары Дача СУга кулаган учактагы жүк боюнча да Текебаев Атамбаевди айыптаган. «Дача СУга кулаган учак Кыргызстандан, Өзбекстан, Тажикстандан Стамбулга алтын чыгарып кетип, ал жактан накталай акчаны Гонконгго ташып кетүүлөрү мүмкүн беле деген шегим бар», - деген Текебаев. Демек, Текебаев Атамбаевди өтө ири коррупцияларга айыптап жатат. Ал эми Жанар Акаев болсо 2015-жылы «Атамбаев уурдабайт» деп элди ишендиргиси келген. Экөөнүн бул жерден позициялары дал келишпей калып жатабы? Же Жанар мырза позициясын өзгөрттү беле? Баса, эгерде Атамбаев уурдабай таза иштеген болсо, анда Бишкек ТЭЦиндеги коррупцияга кандайча жол берилип кеткен? Чолпон-Атадагы ат майданынын курулушу, Тарых музейинин реконструкциясындагы сол чөнтөктөргө солонгон жүздөгөн миллиондорду кайда катабыз?

Деги эле Жанар Акаевдин келечеги кандай болот деген күмөндүү суроо бар. Бири-бирин ири коррупцияга айыптаган, бири-бирин «ууру жана коррупционер» деп аташкан Атамбаев менен Текебаевдин тең шинелдерин кийип алды. Ошондо ал өзү ким болуп калат?”,-деп суроолуу билдирүүсүн жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости