www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Мурдагы маектерибиздин биринде сиз белгилегендей эле экономикалык абалыбыз бир топ оорлошуп кетти. Эми мындан ары кандай болот?

--Терс жакка ооп бара жаткан жагдай улана берет. Өзгөрүүлөр жакшы жакты көздөй күтүлбөйт. Анткени бүгүнкү күндө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү кайра чектеп, эски адаттарга көбүрөөк бурулуп турган шарттабыз. «Ким бурулуп турат?» десеңер, бүгүнкү саясаттагы чечим чыгаруучулар көбүнчө эски эле адаттарды колдонуп жатышат. Болгондо да СССР мезгилиндеги чечимдерди кабыл алышууда. Бул көбүнчө бийликке гана таянып, элдин мүмкүнчүлүгүн чектеп, элдин пикир-сунуштарынан коркуп алардын пикирин кабыл албай, кайра коргонуп, чектелип жатышат. Бул чекгелүү саясаты акырындап элдин оокат кылуусундагы мүмкүнчүлүктөрүн кыскартты. Эми эл күч менен басылат же бир күнү атырылып чыгат. Ушундай бир жагдайга түртүлүүдөбүз. Ошон үчүн жакынкы арада бүгүнкү саясый топтордун кабыл алган чечимдери бизге үмүт бербейт. Оорчулуктарга гана даярданыш керек.

--Ушундай учурда дымып жата бербей, алдыга умтулган адамдарга кандай кеңештериңиз бар?

--Эки кеңеш бар: ар ким, ар бир адам деги эле мамлекеттен бир нерсе күтүүнү токтотуш керек. Бизде көп адамдар мамлекетке сыйынышат. Мамлекеттен күтө беришет. Андай нерсени токтотуп, ар ким өз мүмкүнчүлүктөрүнө ишенип, өз оокатгарын эгемен жасаганга көңүлдөрүн бурушу кажет. Өкмөткө ишенүүсү, алардан үмүттөнүп отуруусу - элдин алдануусу. Ошондуктан өкмөттүн ишин көзөмөлдөгөндү гана үйрөнүш керек. Эгер карапайым калк өкмөттү көзөмөлдөй албаса, бийликти мыкчып алгандарга улам четинен өз оокатын уурдата берет.

Ошондуктан, келе жаткан шайлоодо дагы уурдаган, жалган сүйлөгөн, жаман иштерди жүргүзгөн адамдарды четке кагып, элге көбүрөөк пайдасы тийген, элге мүмкүнчүлүк бере турган адамдарды таанып-билип добуш берүүсүн суранат элем. Бул - эркиндик, эгемендүүлүк менен бирге оокатын тың сактоодогу ыкма. «Ишкер болом» дегендер да мамлекетке ишенимди токтотушу керек. Ар бир жаран өзүнүн иш аракетине көбүрөөк ишенип, активдүү кадам жасашы шарт. Алдатпай добуш берүү - өсүп-өнүгүүгө чоң өбөлгө.

Булак: АЗИЯnews

Последние новости