www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалган маалыматтар жанга батты

ЖК депутаттары тарабынан демилгеленген «О манипулировании информацией» мыйзамы катуу ур-тепкиге калды. Мен мыйзам чыгаруу жагынын адиси эмесмин. Бирок жалган маалымат, фейковый аккаунттардын кандай коркунучтуу балакет экендиги тууралуу жон терим аркылуу өткөн окуялар, ачуу сабактар туурасында азыноолак кеп кылгым бар. Фейк аккаунттар, фейк маалыматтар коомубузга сырт душмандан да коркунучтуу. Фейк маалымат дегенибиз, жалпак тил менен айтканда, жалган маалымат. Жалган маалыматтын жалындаган өрттөн да жаман нерсе экендигин чолок акылымдын жетишинче баяндап берейин.

Териден банкрот болгон Түгөлбай Казаков

Атактуу обончу, ырчы, журналист Түгөлбай Казаков агабыз көп ишке урунду. 2000-жылдардын башында түрктөр менен бекен же арабдар менен бекен, иши кылып, мусулман калк менен бизнес баштайт. Бизнеси айылдардан тери чогултуп өткөрүү окшойт. Анда Түкөм “Асабанын” белдүү журналисти эле. Бир күнү эле мусулмандар жөнүндө “жок нерсеге тоңкобаш аткан мусулмандар” деген бир эле сүйлөмдөн турган кыпкызыл атеисттик текст жазып чыгарды. Ошол сүйлөмдү окуп алган диелетант журналист киши Түгөлбай Казаков мусулмандарды каралады деп аябай шыбап макала жазып салыптыр. Ал тиги инвесторлорго да жетет. Казаковдун бизнеси как ортодон сынды. Элдерге териге деп бир топ акча таратып салышкан экен. Инвестор түрктөр чалкасынан кетишти. “Асаба” гезитинин “Хайл, Сайракан”, “Бопоросуң барбы?”, “Тескери учкан жагалмай” деген шумдук рубрикалары болор эле. Ошол рубрика алдында кеткен бир эле сүйлөм экен болгону. Мусулмандарды каралоо эмес, жөн эле дейди ой толгоо экен. Ошентип диелетант журналисттин жалган маалыматы кыргызга төбөсү көрүнгөн кишинин бизнесин талкалап, кадырын жерге тебелеген.

Эшектен чыккан чуу

2015-жылы Бишкекте эшек чуусу чыкты. Чүй боорунда эшек ферма ачкан кадимки Юруслан Тойчубеков менен ошол кездеги бийликте отурган адамдар ортосунда акча талаштан улам жаңжал жүз берет. Эмне кылуу керек? Юрусланды сындыруу керек? Жуман акенин баласы ачкан эшек фермага гезитчи журналисттерди жөнөтүшөт. Макала чыгат. Эффект жок. Анан КТРдин журналисттери Мээрим Бакир кызы менен Элнура Молдокадырова барат эшек фермага. Союлуп аткан эшектер жөнүндө үрөй учурган материал даярдашып, сюжеттин акырында эшек эттери Бишкектеги чайхана, самсаканага таратылат экен деген сүйлөм кошуп коюшат.

Ана! Ызы-чууну көрүп ал! Юруслан акенин бизнеси сопсонун эле бизнес болчу экен. Мен барып документтери менен тааныштым. Эшектерди Кыргызстандан союп, этин СЭЗде консервалап Испанияга жөнөтүшмөк болушуптур келишим боюнча. Терисине болсо Кытайлар кардар экен. Ичегилеринен медицина үчүн өтө зарыл бир нерселер жасалып, атүгүл туягы, шыйрагы да баалуу экен бул шалпаң кулактын.

Журналисттердин жалган маалыматы бүт кыргыздын намысына тийди. Аны ойлогон чоңдор да, журналисттер да болгон жок. Азыр бардык маселелерде эксперт болуп отурган Илим Карыпбеков эшек ферма тууралуу объективдүү материал даярдатып койгонго жараган жок. Ал жигитке жогортон келген буйрук гана маанилүү окшойт.

Жалган жалаанын азабын Бишкек кафелери, айрыкча, “Жаңыбайдын жаңы самсасы” чайханасы аябай тартты. Ээси Чолпонбай жакын досум болгондуктан, 2 ай ошонун жанында болуп, жалган жалаа, кур доомат менен күрөштүк. Ошондо бир нерсеге аябай капа болдум. Улут үчүн, намыс үчүн эшек эти тегерегиндеги маселени иликтеп койоюн, булардын чындыгын элге жеткирип койоюн деген бир журналист басып келген жок. Баары эле мынча берсең жайлайм, тигинче берсең катырам дейт. Бир таанымал журналист чалыптыр 100 000 сом бере салсаң 10 минуттук передача даярдап бере калам дейт. Кел кафеге сүйлөшөлү десек, мен силердин кафеге барбайм. Центрдеги кафелердин биринен жолугалы дейт. Анын сунушунан баш тарттык. Кийин келип кафени каралаган материал чыгарып кетиптир. Чыгарышын чыгарыпсың, эми алып кой сайттан десем, алып коюшу 500 доллар дейт. Бул жерде акча маселеде деле эмес. Маселе намыста. Кыргыз “эшек жеди” деген кылымда кеткис токонаалатка калып жатат. Ошонун аныгына жетип, элимдин намысына жарап койоюн деген бир журналисттин чыкпаганы зээнимди кейитти. Акча сурап келе берип чарчатышты журналисттер. Концертиме спонор болуп берсең, силерди ыр арасында айтып койом деген артист көбөйдү. Студия жасап бер, камера алып бер, микрофон алып бер деп келе башташты теледе иштегендер.

Соцтүйүндөр аркылуу күнү-түнү “Жаңыбай самса” боктолуп жатты. Досум инфаркт алуунун алдында турду. Уйку көрбөй, тили чулдурап, сөздөрүн түшүнбөй калып жаттык. Ушунун бардыгы журналисттердин бир сүйлөмүнүн азабынан, башкача айтканда фейковый маалыматтан улам болду. Алланын амири менен, досумдун ишин актап кеттик. 2 айга барып, кардарлар мурунку калыбына түштү. Ал кезде досумун эки кафеси болгон болсо, азыр Бишкекте эң таанымал чайханалар түйүнүнө айланды. “Ак ийилет, бирок сынбайт” деген ошол. Кийин эшек багуу өтө кирешелүү экендигин бизнестен бир аз түшүнүгү бар адамдын баары түшүндү. Кытайга мынча эшек экспорттодук деп бийлик мактанчу ишке айланды. Чоң-чоң кишилер бул ишке акча салышты. Юруслан Тойчубеков болсо, чет жакта качып жүрөт.

Кылыкты башка кылды, азабын Асилбек тартты

КТРдин Байкоочу Кеңешине талапкерлигимди койгонум элдин эсинде болсо керек. Уюштуруу иштеринде кеткен кемчиликтин айынан улам парламент жыйынына кеч бардык. Депутаттар Чынара Капарованы мүчөлүккө өткөрүп коюшкан экен. Мусаев менен Маркабай Ааматов кечикти деп шайлоо бузулду. Аябай ызы-чуу болду. Премьерди шайлагандан да андай ызы-чуу болгону эсимде жок. Ошондо эмнени гана жазышкан жок мен жөнүндө. Бийликтин сценарийи, бир чоң кызматтагы кыздын ойношу дегенге чейин барышты мени. Ал жерде бир эле маселе болду. Атиргүл Сарыбаева көлдүк бир үлкөн чиновниктин жердеши болуп чыкты. Ал чоң курсак чиновникке көп депутаттар көз каранды экен. Ошол киши келип, шайлоону бузду, «мунун баарын Асилбек кылды», дешти фейсбук колдонуучулар. Асилбек Шарипович болгону процедура маселесиндеги ит жыгылыш абалдан чыгарып кетти. Чын-чынына келгенде КТРдин Байкоочу Кеңешинин бир мүчөсү дүйнөнү аңтарып жиберчү деле кызмат эмес.

"Сүйүшун Уркаш сүйөт, убайымын Тууганбай тартат" дегендей, кылыкты башка кылды, азабын Асилбек тартты. Анан мен тарттым. Мен жөнүндө фейк маалыматты азыр Атамбаев айланасында жүргөн бир кыз таратты. Мени мынча “сүйөт”, билбейм, ал кыз мен жөнүндө укмуш сөздөрдү таратат. Бир жолу Мусаев Толгонай Стамалиеванын ордуна барат экен деген сөз таратыптыр. Ушунча чоң адам экенмин ээ деп өзүмө өзүм таң калгам.
Мен эмне иш менен алек болуп жатканымы ошол кыздын комментарийлеринен окуп калам кээде. Өтө кызык иштерди кылат экенмин да деп койом.

Ошентип коомузда жалган маалыматтардын арааны жүрүп турган чак. Социалдык түйүндөр чыкканы мурункудай тоголок кат жазмай, псевдоним менен жазмай деген азап жок. Аккаунт ача койосуң, болду. Каалаганыңды жайлай бер. Кудай мындай бербеспи! Азыр Кыргызстанда фейки жок журналист журналист эмес. 10 дой фейк иштеткен азаматтар да бар. Өзү менен өзү сүйлөшүп, өзү менен өзү талашып, өзүн өзү сөгүп, өзүн өзү блокко кетирдим деп коркутуп, эптеп бир маалыматты жылдырат. Заказчикке ошентип отчет берет. Укмуш талкуу болуп жатат мына дейт. Көп адамдар, соцтүйүндөр менен иши жок адамдар аны түшүнбөйт.

Бир боз үйдүн жасалгасын жарым күн ырдаган улуу ырчылардын, бир күкүктү бир күн кечке ырга салган төкмөлөрдүн тукуму эмеспизби: соцтүйүндөрдө да укмуш чыгармачылык кылып жибергенбиз. Аккаунттардан, группалардан, баракчалардан, банерлерден баш айланат. “Бири кеткен Каңгайга, бир кеткен Алтайга” заман кайра кайталанып турган заман экен: жер бетинде кыргыз барбаган жер калбаптыр. Соцтүйүндө кыргыздар уктабайт. Күндүн айланышына карай, бирибиз уктасак, бирибиз ойгоо болуп, соцтүйүн эч качан ээн калбайт. Ошого жараша жалган-чыны аралаш маалымат айдыңы күнү-түнү боркулдап кайнаганы кайнаган. Аныгына жетпей каралап атып, канча азаматыбыздын канатын сындырдык. Чындыкты чыркыраттык. Канча үй-бүлөнү талкаладык. Канча долбоорлордун жолун буудук. Канча инвесторду качырдык. Ушулардын баары жалган маалыматтардын, фейктердин азабынан болду.

Жогоруда ЖК депутаттары тарабынан демилгеленип жаткан мыйзамдын түпкү ою туура. Жалган маалыматтардын таралуусуна чек коюп, мунун кандайдыр бир ыгын таппасак, жарандарыбыз жалган маалыматтардын жеми болуп, атүгүл мамлекетибиз да фейк мамлекет болуп калышы мүмкүн. Фейк маалыматтар, фейк аккаунттар улууну сыйлаган, кичүүнү ызааттаган салты бар, кылымдардан бери келаткан наркы бар, адамды баалаган баркы бар улутубузду талкалоочу, элдик касиеттен ажыратуучу өзөктөн чыккан өрттүн дал өзү. Медианы колдогон эл аралык уюмдар дал ушул жалган маалыматтарды таратууга каршы миллиондогон долларлык гранттарды берип келүүдө. Ошол гранттарды алып, окууларынан өткөн журналисттер бул мыйзам тууралуу жиликтеп, агын ак, көгүн көк дебей жатышы, көпчүлүк арасында мыйзам демилгечилерин эл душманына чыгарып жатканына таң калып жатамын. Субъективизми жок бир да материл окуй элекмин.

И, баса... Эшек маселесинде "Жаңыбай самсасы" кафесине келип, бир тыйын сурабай, объективдүү макала даярдап кеткен жалгыз журналист раматылык Улан Эгизбаев болгон. Эшек бизнеси тууралуу материал даярда деп эшеккананын дарегин да берген элем. Кайран жигит. Фейк эмес маалыматтар менен гана иштеген көп эмес журналисттердин бири эле. Ушу азыр Улан кандай гана жетишпей турат...

Нургазы Мусаев, эркин журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости