www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиядан учуп келген Ош облусунун Кашкар-Кыштак айылына жайгаштырылган жарандар обсерваториянын санитардык шарты начар деп айтып чыгышты. Бул тууралуу видеотасма интернет айдыңына жарыяланып, катуу талкууга түштү.
Алардын айтымында, бийлик жакшы шарттар жөнүндө сүйлөшүп, адамдарды адаштырууда. Тактап айтканда, Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан обсерваторияда бир даараткананы бир кабатта жаткан адамдар пайдаланышат. Суу мезгил-мезгили менен өчүрүлүп турат, андыктан көчөгө чыгууга аргасыз.
“Имараттын дааратканалары санитардык шарттарга жооп бербейт. Төрт адам бир бөлмөгө жайгаштырылды. Инфекция коркунучун азайтуу үчүн, бизден жок эле дегенде, эки кишини отургузууну сурандык. Клиниканын жарымынан көбү бош болсо дагы, алар: “Жогору жактан буйрук жок”, – деп баш тартышты. Саламаттыкты сактоо министрлигине бир нече жолу кайрылгандан кийин, Бишкек биздин бул жерде экенибизди билбегендиги белгилүү болду. Алар бизди үй карантининде деп ойлошту”,-деп айтылат видеокайрылууда.
Эске сала кетсек, Түркиядан чартердик каттам менен мекендештерибиз 17-апрелде учуп келишкен.
Булак: NazarNews.kg