www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 1990-жылы туулган тургуну унаанын ичинде өзүнүн башына ок атып каза болду. Бул тууралуу NazarNewsка милициядан билдиришти.
алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, маркум 1996-жылы туулган жубайы менен таарынышып кетип, келинчеги Чырак айылына төркүнүнө кетип калган. Аны жездеси (эжесинин күйөөсү) алып кеткен. Каза болгон тургун келинчегин алып келүү үчүн классташтарына кайрылып, анын милиционер классташы өзүнүн «Субару Форестер» үлгүсүндөгү унаасын айдап чыгып, 4 классташ жолго чыгышкан. Жолдо бара жатканда маркум жубайын алып кеткен бажасына (кыздын жездеси) телефон чалып, ал телефонду кайын энесине берген. Бирок кайын энеси күйөө баласы менен сүйлөшпөй, телефонду өчүрүп салган. Маркум бажасына кайра чалып, жолугушуп сүйлөшүүнү суранган. Ошол маалда маркум телефон аркылуу жалгыз сүйлөшүп алуу үчүн классташтарынан сыртка чыгып турууну суранган. Классташтары эшикте турганда унаанын ичинен «тарс» деген үн чыккан.
Окуя тууралуу маалымат кечээ, 23-апрель күнү болжол саат 13:35 чамасында Жети-Өгүз РИИБине "Тез жардам" кызматынан түшкөн. 1990-жылы туулган М.Д. башынан алган жаракаттан улам каза болгон. Аталган факт Жети-Өгүз РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Маркум олтурган унаа Жети-Өгүз РИИБинин кызматкеринин өздүк унаасы экени аныкталды.
Каза болгон жаран травматикалык тапанчадан өзүнө ок аткан. Тапанча кимге тиешелүү экени текшерилип жатат жана тийиштүү экспертизалар дайындалганы белгилүү болду.
Булак: NazarNews.kg