www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада Кахов ГЭСинин платинасы жарылып, жашоочулар эвакуацияланууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Днепрдеги шаарлар жана айыл аймактарды суу каптоо коркунучу жаралып, Херсон облусунун бийлик өкүлдөрү тургундарды шашылыш түрдө эвакуациялашкан. 

Херсон облустук администрациясынын башчысы Александр Прокудин эртең мененки саат 07:00 чамасында селдин эң чоң агымы 5 сааттан кийин, тактап айтканда, Украина убактысы боюнча саат 12:00дө болорун айткан. Ал эми кийинчерээк Херсон аймактык кеңешинин башчысы Александр Самойленко суу каптоонун эң чоң ташкыны Киев убактысы боюнча 11:00 болорун билдирген.

Укргидроэнерго ГЭСинен билдиришкендей, ГЭС толугу менен талкаланган жана аны калыбына келтирүү мүмкүн эмес. 

Белгилей кетсек, Кахов ГЭСинин платинасынын бийиктиги - 16,5 метрди, ал эми узундугу 3 850 метрди түзөт. 

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости