www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин “Ынтымак” фракциясынын депутаттары толук курамы менен АКШга барат. Бул тууралуу 24.kgагенттиги ЖК депутаты Балбак Түлөбаевге таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, тогуз эл өкүлүн АКШ өкмөтү түзгөн уюм чакырган.

"NDI (Эл аралык мамилелер боюнча Улуттук демократиялык институт) бизди тажрыйба алмашуу үчүн Америкага чакырууда. Кудай буюрса, баарына виза берилсе, фракциянын тогуз мүчөсү тең кетет. Азыр так күнү белгисиз, бирок июнь айынын аягында баралы деп жатабыз. Менимче, сапар үч-төрт күнгө созулат, мекендештер менен да жолугабыз", - деген Балбак Түлөбаев.

Ал белгилегендей, бүт үй-бүлө виза алуу үчүн кайрылган.

"NDI бир гана депутаттардын чыгашасын мойнуна аларын, үй-бүлөнүн чыгашасын ар ким өзү чечет деп убада кылган. Бүт үй-бүлөнүн чыгымын жабууга акчам жетеби же жокпу, билбейм. Ооба, бардыгына виза берилеби, бул дагы суроо",  - деди депутат.

 

Последние новости