www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда «Asia Mall» соода борборунун унаа токтотуучу жайындагы мушташтын видеосу тарады. Анда «Хендай» жана «Чанган» үлгүсүндөгү унаалардын айдоочулары мушташып кетишкен.

9-сентябрда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, анын алкагында милиция бөлүмүнө 2006-жылы туулган К.Ж. жана 1996-жылы туулган М.А. жеткирилген.

Экөөнө тең КРдин Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлдү. Материалдар сотко жөнөтүлдү.

Последние новости