www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат Садыр Жапаров  25-мартта Казакстандан Бишкекке кирип келе жаткан жеринен кармалып камакка алынганы баарыбыздын эсибизде. Соттун чечими менен мурдагы депутатты  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынан Бишкектин 1-тергөө абагына жөнөтүлгөн.

Ал тургай камакка алынаары менен канга чыланып, ары барып бери келди окшойт. Ошол мезгилде Садыр Жапаров жөнүндө жазбаган ММК калбады. Мүмкүн болушунча болуп өткөн кырсык ачыкка чыгарылсын, дегени менен экс-депутаттын камакка алынгандан кийинки, канга боёлгон абалы ачыкка чыккан жок.

Садыр Жапаровдун камакка алынышын, көпчүлүк саясый куугунтук катары эсепке алууда. Анын бирден-бир себеби Кумтөрдөгү былыктардын ачыкка чыгарууда токтобогон тоскоолдук болду окшойт. Буга чейин биздин редакция Садыр Жапаровго, “Кумтөрдүн айынан камакка алынып калышыңыз мүмкүн...” деген суроого:

-Эртең, Кумтөрдөгү алтынды америкалыктар, чолуп-чолуп алтынды казып алып кетет. Ал жерде бизге өмүр бою келечегибизге терс таасирин тийгизген уулуу калдыктарды таштап кетет. Алар кетип калгандан кийин, биз башыбызды ташка урсакда жок. Мен келечекти, жок болуп жаткан мөңгүлөрдү, зыяндуу калдыктар ар кайсы жерде жатканын көрүп алып, так ошого ыйлагым келет. Муну бир дагы атка минер көрсө көрмөксөн, билсе билмексен болот. Так ошол агып жаткан цианид, кийинки муунду мунжу, тубаса майып кылаарын кантип көздөрү көрбөй жатат...деп айткан ачуу чаңырыгы бар эле.

Чындыгында бул тууралуу экс-депутат эчен жолу ЖК жыйындар залында тердеп-кургап айтканы эсибизде. Ал тургай маркум Эгемберди Эрматовдун, “Биз, элдин кызыкчылы үчүн иштешибиз керек. Садыр Жапаровдун ушунча иштегени көрүп туруп көрмөксөнгө салсаңар, көзүңөр көр болуп калат”, дегени бар.

Чын эле кыргыз бийлигинде элдин келечегинен көрө, бийликтин кызыкчылыгы артыкпы?- деген ой жаралат.

Булак: NazarNews.kg

Маркум, Эгемберди Эрматовдун чындык үчүн чыркыраган пикирин төмөнкү тасмадан көрө аласыздар.

Последние новости