www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афганстандын Каписа аймагында болгон жардырууда 2 бала каза болуп, 2 бала жараланды. Каписа коопсуздук директорлугу Каписанын Нижраб районуна караштуу Дере Тепе аймагында жол жээгине жайгаштырылган бомбанын балдар аймактан өтүп бара жаткан учурда жардырылгандыгын билдирди. Кол салууну азырынча моюнга алган болгон жок.

Бир тараптан өлкөнүн чыгышында Нангархар аймагынын Жалалабад шаарында мамлекеттик телекөрсөтүүгө жасалган кол салууда 1 киши каза болуп, 14 киши да жараланды.

Нангархар губернаторунун катчысы Атауллах Ногяни кол салуучулардын экөөсүнүн имараттын кире беришинде денесиндеги жарылуучу заттарды жардыргандыгын айтты.

Үчүнчү кол салуучунун имараттын ичине кирип ок аткандыгын айтка Ногяни кол салуучу менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуунун улантылып жаткандыгын белгиледи.

Мамлекеттик телекөрсөтүү имараты Нангархар губернаторлугуна жакын аралыкта жайгашкан.

Булак:"trt.net.tr"

Последние новости