www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте таза суу 8 сомго кымбаттайт. "Анткени Кыргызстан таза сууга өтө муктаж. Суу жокко эсе", дегенден Кудай сактасын. Минтип таза суунун баасынын көтөрүлүшү, электр жарыгынын баасынын көтөрүлүшү Сооронбай Жээнбековду президенттиктен чаап түшүрбөсө болду. Дегенибиз ачуу чындыкты айтып коюш керек, бул көрүнүштүн арты жакшылык менен бүтпөйт го. Ансызда карапайым калк кыйналып турганда электр жарыгы го мейли таза суунун кымбатташы бир сөз менен айтканда уят. Алакандай алтынга чыланган мамлекетти бага албаган аткаминерлер аман болгула.

Эске сала кетсек, Бишкекте таза суу менен агынды сууну тейлөөгө карата тариф кымбаттайт. Калк үчүн суунун кубометри -  5 сом 38 тыйын, бюджеттик уюмдарга - 7 сом 38 тыйын, бюджеттен каржыланбаган мекеме, ишканаларга - 9 сом 15 тыйынга чейин.

Ал эми канализацияга  - 1 сом 2 тыйын, бюджеттик мекемелерге  - 2 сом 1 тыйын, мамлекет каржылабаган мекемелерде -  4 сом. 

Төмөндөгү "События Бишкек" даярдаган видео тасмага көңүл буруңуздар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости