www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токтогул шаарынын мэрлигине төрт жыл мурда шайланып кызматын кыйладан бери өтөгөн Марат Калмурзаевдин мөөнөтү аягына чыгып баратат. Анткени менен ал уюштуруучулук жөндөмү, иштин көзүн билгендиги үчүн кыйла элдин жылуу пикирине арзыган жумуштарды ийге келтире алды. Шаардын түнкү көрүнүшүөзүнчө кеп кылууга арзыйт. Сапаттуу шам чырактарды мамычаларга илдирип күндүзгүдөй абалга келтирип койду. Бюджеттеги эле каражатты кемире бербей, долбоорлорду жаздырып, инвестицияларды тартууга жетишти. Ал акчаларды зарылдык чыккан тармактарга жумшап шаардыктарга жакшы шарттарды түзүүгө көңүл бурду. Социалдык маселелерди депутаттар менен бирдикте кеңешип чечүүнү адатка айландырып алганы анын калыстыгын билдирет.
Тилекке каршы иштин майын чыгарган мэрдин артка чегинүүсү күтүлүүдө. Себеби, жакын арада шаардык кеңешке шайлоо болгону турат. Анткени депутаттардын мөөнөтү аягына чыгып калды. Анан жаңы шайланган депутаттар кайрадан шаар башчысын шайлашат. Эми кайра мэрлик орунга талапкерлигин Марат мырза коебу, же башка кызматты көздөйбү мунун чеги белгисиз. Ошентсе да мындай жооптуу кызматка татыктуулар келиши шарт. Эгерде кайрадан М. Калмурзаев мэр болуп шайланса дагы далай бүткөрүлбөгөн иштер аягына чыкмак.
Булак: "Ачык сөз"