www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандагы  “Ўзбекконцерт” мамлекеттик комиссиясында клиптерди иретке келтирүү кеңеши түзүлдү. Мындан ары ырчылар көгүлтүр экрандан клиптердин сценарийин түзүлгөн кеңештин кароосунан өткөндө гана көрсөтүлөт.

Эми “Ўзбекконцерт” мамлекеттик комисиясы ишин баштады. Талап каттуу. Аталган комиссиянын башкы директорлугун Одилжон Абдукаххоров жетектейт. Абдукаххоровдун берген маалыматына караганда, мындан ары тартылган клиптер дыкаттык менен көзөмөлгө алынат. Текшерүүдөн өткөндөн кийин гана ТВ радиолорго ырчылардын клиптери жана ырлары берилет. Эгерде комиссиядан өтпөй калса алардын ырлары коомчулукка чыкпайт. Алсак, жарым жылаңач кийимде тартылган клиптерге таптакыр тыюу салынды. Ар кандай шылтоолорго, “укпай калыптырмын”, “эч ким айткан жок” деген болбогон сөздөргө чек коюлган жана эсептелбейт, деген.

Чындыгында бул көрүнүш өтө жакшы. Так ушул эле тартипти Кыргызстан дагы колго алып, ырчыларга атайын комиссия түзсө жакшы болот эле. Дегенибиз, сапаты жок ырлар, тартылган клиптер жайнап кетти. Мисалга алсак, бир ырчы олтуруп ырдаса, артынан 10 ырчы, ыры шайкеш келеби же келбейби “олтуруп” алып ырдап, “фигурасы” төп келбесе дагы диванда “алма жеген курттай” болуп “.өчүгүн” ары-бери кыймылдата бергени көзгө өөн учурайт экен. Тактап айтканда Кыргызстандагы көп ырчылар тизгинди кое берген...

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости