www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мушкер мекендешибиз Валентина Шевченко өзүнө чакырык таштаган Генри Сехудону “муунтуу” жолу менен утуп алды. Экөө Абу-Даби шаарында жолугуп, тамашалуу беттеш өткөрүшкөн.

Экөөнүн беттешинен сүрөттөрдү “Акыркы император” атка конгон Фёдор Емельяненко да өз баракчасына жайгаштырып, “Бул болуп өттү! Бүгүн түнү тарыхтагы улуу беттеш болуп өттү. ММА боюнча гендер аралык биринчи дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону куттуктайбыз!” деп жазган.

Белгилей кетсек, 7-сентябрда Абу-Дабиде UFC 242 турнири өтөт. Кеченин башкы беттешинде россиялык Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Дастин Порье бири бирине каршы чыгат. Турнирге уюмдун чемпиондору Генри Сехудо менен Валентина Шевченко да конок катары барган.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости