www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Али Токтакуновго окшоп бүтүндөй эле кыргыз эли Матраимовго жабылып эле жатып калдык. Ал мага эч ким эмес. Тууганым же таанышым эмес. Аял катары, эне катары өз калыс сөзүмдү айткым келет. Баары, ким кааласа мени жаман көрө берсин. Бирок, адилеттүүлүк үчүн айтып коюшум керек, Кыргызстанды кара тумоо баскан кезде болгон жети дубандын айыл-кыштактарына жардам көрсөттү, - деди Ыргалай Бекмуратова.
Ага кошумча: - Мына бүгүн тергөө сурактарына өзү барыптыр. Жүрсүн тергөө. Ак болсо агы ачылып, кара болсо карасы ачыкка чыксын. Кыргыз элине деле айтат элем, жолборс жыгылганда жабыла калып талабай, бир аз мүмкүнчүлүк берели.
Кечээ мурда Азимбек Бекназаровдун сөздөрүн уктук баарыбыз. Анын айткан сөздөрүнө абдан ыраазы болдум. Мындай учурда “трайбалист” деп атасаң таарынышат кээ бир адамдар, бирок Азимбек мырза айткандай эле эмнеге ошол Матраимов менен иштеген дагы башка үч киши жөнүндө эч ким сүйлөбөйт? Көп жерден эле угуп жүрөбү, болгон окуяларга Райымбектин колу тийген эмес экен. Бирок, азыркы учурда башынан мындай учурду өткөрүп жатса демек таасирдүү адамдардын, таасирдүү өлкөлөрдүн тиешеси бар болуп калышы мүмкүн. Адилеттүүлук болсо жакшы болот эле.
Райымбек, уулум, пенделерге жардам бергенден көрө мамлекетиңе жардам берсең жакшы болот эле. Жыл бүткөнгө чейин Кыргызстанга колуңан келишинче жардам берчи. Кыргызстанды толугу менен карызынан кутулганга жардам бер, уулум. Кудай буйруп тергөө иштерин таза бүтүп акталып чыгасың деп үмүттөнөм. Анан Кыргызстанга жардам бергенден кийин жакшы бир жумушка кабыл алынасың деп ишенем, - деди Ыргалай Бекмуратова.
Булак: NazarNews.kg