www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Равшан Жээнбековдун айткан сөзү Өктөм Мамаевага эле эмес, баардык адамдарга катуу тийди. Мындай пикирди “Мээр жазы” коомдук уюмунун төрайымы Ыргалай Бекмуратова “NazarNews” маалымат агенттигине билдирди.

--“Мен кече Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумга барып катыштым. Маркум Үсөнбек Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаеваны колдоп баргам. Себеби, Мамаева дайыма жалгыз болуп калат, ал эне. “Мээр жазы” коомдук уюму энелерди, жалпы аялзатын колдоп келет. Мен ошондуктан барып, өзүмдүн пикиримди айтайын дегем. Бирок кече соттун жүрүшүндө сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал жерге келген Кой-Таш окуясына тиешелүү адамдар, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары сүйлөтпөй койду. Сот аяктап калганда, Мамаевага ар кандай туура эмес сөздөрдү айтып, баласын күнөөлү катары эсептеп, Алмабек Атамбаевди жактап турушту. Аягында Равшан Жээнбеков Мамаевага “сенин балаң адам өлтүрүүгө барган” деген катуу сөздү айтты. Бул энеси Өктөм Мамаевага эле эмес, мага жана ошол жердеги баардык адамдарга катуу тийди. Баарыбызга белгилүү болгондой Равшан Жээнбековдун пикири азыр жалпы коомчулукту дагы нааразы кылууда. Андыктан мен коомдук уюмдун атынан Камчыбек Ташиевге, Садыр Жапаровго жана элге кайрылам. Буга сөзсүз укуктук баа берип, азыртадан мындай көрүнүштөргө чекит коюшсун”, - дейт Бекмуратова.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости