www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айрым мыйзам долбоорлорунун эки пакетин бекитүү пландалып жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында юстиция министринин орун басары Зарема Аскарова билдирди.

--“Мыйзамдарды анализдөө жана баалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоонун критерийлерине ылайыктыгы боюнча ишке ашырылат жана анын жыйынтыгында мыйзамдардын үч тизмесин даярдоо керек, ал тизмелерде төмөнкүдөй шарттар караштырылат:

- критерийлерге ылайык келген жана кайра кароо талап кылынбаган мыйзамдар;

- критерийлерге ылайык келтирүү үчүн өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынган мыйзамдар;

- критерийлерге ылайык келбеген жана күчүн жоготту деп таануу жолу менен колдонууну токтотууга сунушталуучулар.

“Бүгүнкү күндө мамлекеттик органдар мыйзамдардын критерийлерге ылайык келээрин же келбестигин баалап бүтүшкөн жана Юстиция министрлигинин кароосуна киргизилген.

Баа берилген Мыйзамдар үч этаптуу кароодон өтөт, атап айтканда, топчолордун жетекчилери карап чыгышат, андан кийин эксперттик жумушчу топто каралат жана эң аягында Ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топ карайт”, - деди ал.

Аскарова экинчи этапта мамлекеттик органдар көз каранды эмес эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен бирдикте Мыйзамдарды иштеп чыгуунун планын бекитүүгө тийиш, ал Планда өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынган мыйзамдардын тизмеси жана күчүн жоготту деп таануу үчүн мыйзамдардын тизмеси болушу керектигин белгиледи.

“План бекитилгенден кийин Мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топ бекиткен баалоонун жыйынтыгы боюнча Мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгуу процесси башталат.

Акыркы этапта “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” мыйзам долбоорлорунун эки пакетин бекитүү пландалып жатат”, - деди министрдин орун басары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости