www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украин аскерлери Северодонецк шаарында орус аскерлерине каршы салгылашууда айрым ийгиликке жеткенин, бирок Донбасстагы абал ал буга чейин “өтө оор” деп мүнөздөгөндөн жакшыра электигин 2-июнда кечки кайрылуусунда билдирди.

Украин күчтөрү өлкө чыгышындагы район-шаарларды коргоп калуу аракетин көрүп, Кошмо Штаттар убада кылган курал-жарак келгенче айыгышкан салгылашуусун улантууда.

Талдоочулардын пикиринде, АКШнын убада кылган техникасы Украинага жеткенче бир нече апта убакыт талап кылынышы ыктымал, андыктан, шайды оодарган тиреш создугушу мүмкүн.

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг тиреш жүдөтүп-алсыратуу согушуна айланганын айтууда.

Орус аскерлери Украинанын каршылыгына карабастан өтө көп жана башаламан аткылоолору менен Донбасстагы бул негизги шаардын орчундуу бөлүгүн өз көзөмөлүндө кармап турат.

Зеленский кезектеги кайрылуусунда АКШ президенти Джо Байденге Украинага ракета жөнөтүү убадасы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Кошмо Штаттардын Украинадагы элчисинин айтымында, аскердик жардамды жөнөтүү тездетилүүдө, бирок ракеталар фронтко жеткенче апталар өтүшү ыктымал. 

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости