www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калкты тейлөө борборлору накталай эмес төлөмгө өтөт

Калкты тейлөө борборлорунда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү көбөйөт. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 3-июнда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарындагы 4-Калкты тейлөө борборунун иши менен таанышуу учурунда жыл аягына чейин өлкө боюнча баардык калкты тейлөө борборлорун накталай эмес төлөө сестемасына өткөрүү тапшырмасы берилди.

Таанышуу алкагында ал калкка кызмат көрсөтүү сапатын жлогорулатуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча акыркы чечимдер менен таанышты. 

Мындай чечимдердин бири катары паспортту даядагандыгы үчүн «Элкарт мобайл» жана «РСК 24» мобилдик тиркемеси аркылуу улуттук стандарттагы QR-код менен төлөө мүмкүндүгү саналат. Кийинки кадам – жарандык абалды каттоо актыларын, транспорт каражаттарын каттоодо, ошондой эле  “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында айып пулдарды төлөөдө кызмат көрсөтүүлөр үчүн QR-код аркылуу накталай эмес түрдө төлөөнү киргизүү пландаштырылууда.

 Б. Төрөбаев мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилеп, үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин республиканын бардык аймагында иштеп жаткан калкты тейлөө борборлорунда мамлекеттик кызматтар үчүн накталай эмес төлөмдөрдү ишке киргизүүнү тапшырды.

«Ар кандай мамлекеттик кызматтарды калктын мүмкүн болушунча тез жана натыйжалуу алуусуна мүмкүндүк түзүүчү акыркы санариптик чечимдер сунуштала турган системаны куруу зарыл», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости