www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров президент Садыр Жапаровдун сынына жооп берди. Мадумаров аны буга чейинки президенттер да сындап келгенин белгиледи.
"Бул экөөнө (ред: Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров) менде комментарий жок. Алар "популист" деген сөздү дагы түшүнбөйт. Мени Акаев, Бакиев, Атамбаев, Отунбаева, Жээнбеков дагы сындаган. Алар кайда, мен кайда?", - деди Мадумаров.
Белгилей кетсек, буга чейин Президент Садыр Жапаров 2-июндагы парламент жыйынындагыУКМКнын Камчыбек Ташиев менен депутат Адахан Мадумаровдун кайым айтышы боюнча пикирин айтып, Мадумаровду "мамлекетчил эмес" деп айткан.
Эске салсак, кечээ, 2-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев аткезчилик боюнча маалымат берүүнүн алдында депутат Адахан Мадумаровду «УКМКга далилсиз сын айтууда» деп айыптаган.
Депутат Мадумаров отурган ордунан «далил менен сүйлө» деп кыйкырып, парламенттин жыйынында Ташиев менен кайым айтышып, чырдаша кеткен.
Мадумаров менен Ташиев кайым айтышып, аларды спикер Талант Мамытов сабырдуулукка чакырды.
Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын өткөн жылдын апрель айындагы куралдуу жаңжалдан кийин бир тараптуу жапкан. Ошондон кийин аткезчилик токтобой жатканы айтылып, жергиликтүүлөр ага каршы күрөшүү талабын көтөрүшкөн эле.
Булак: NazarNews.kg