www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Жалал-Абад ОИИБи: Үй-бүлө, коом жана мыйзам!

Урматтуу жарандар, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы бирге күрөшөлү! Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү бир гана милициянын милдети деген жаңылыштык. Милиция менен жалпы журт, коомчулук, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үй-бүлөлүк зомбулукка каршы бирге күрөшүп, анын оор кесепеттерин алдын алышыбыз керек. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин жарандарга кайрылуусунда айтылат.

Учурда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун саны көбөйүүдө.

Көпчүлүк мезгилде бул көрүнүштөрдөн аялдар жабыркап, милицияга кабарлаган учурда гана күнөөкөргө мыйзам чегинде чара көрүлсө, көп учурда жакындары, жабыр тарткан үй-бүлө мүчөлөрү зомбулукка кабылгандыгын жашырып, билинбей калып, натыйжада оор кесепеттерге алып келүүдө.

Зомбулук көрсөткөн адам үй-бүлө куруу жоопкерчилигин түшүнбөй, үстүмдүк кылып, зомбулук көрсөтүүдөн үй-бүлөнүн бузулушуна алып келүүдө. Үй-бүлөлүн бузулушунун кесепетинен “Баштаган бирөө, жабырын тарткан көпчүлүк” болуп, ошол үйдөгү балдардын дагы моралдык жактан, психологиялык жактан жабыр тартышы баарыбызга белгилүү. Келечек муун үчүн жаштарга туура тарбия берип, үй-бүлөлүк балуулуктарды, жоопкерчилик алууну, бири-бирине сый-урмат көрсөтүүнү үйрөтөлү. Бекем үй-бүлө-күчтүү мамлекет!

Эгерде, жакындарыңыздын, кошуналарыңыздын үй-бүлөсүндө болуп жаткан зомбулукту байкаган учурда тез арада милиция кызматкерлерине 102 номуруна же аймактык ички иштер органдарына кабарлооңуздарды суранабыз. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости