www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда жалган билдирүү тараткан адамга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу NazarNews.kgге Жалал-Абад ШИИБи билдирди. 

2020-жылдын 21-март күнү «WhatsApp» мессенджери аркылуу белгисиз автор Жалал-Абад областынын аймагында коронавирус илдети боюнча абал курч экендигин жарыялаган.

Ал өзүнүн үн жазуусунда ооруканалардагы дарыгерлер медициналык беткап жана тиешелүү каражаттар жетишпегендиктен, жумуш ордуларын таштап кетип жатышкандыгын, Сузак районундагы карантинге алынган аймактан бейтаптар качып чыгып кетишкендигин жана оорулуулардын саны көбөйүп кетээрин билдирген.

Ошондой эле бул үн жазууну «WhatsApp» социалдык тармагы аркылуу группаларга жайылтууну жана КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигине жеткирүүнү белгилеген. Ал мунун себеби катары Жалал-Абад областында коронавирус боюнча маалыматтар так берилбей, жаап-жашырылып жаткандыгы менен түшүндүргөн.

Аталган факты Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 344-беренеси (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Бул фактынын бетин ачуу максатында кечиктирилгис чаралар көрүлүп, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү иштердин натыйжасында аталган үн жазууну жаздырып, таратып жиберген атуул Жалал-Абад шаарынын тургуну 1980-жылы туулган Ш.К. экендиги аныкталып, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Жалал-Абад ШИИБине өткөрүлүп берилген.

Учурда Жалал-Абад ШИИБинин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

ИИМ жарандарды жалган маалымат таратуудан алыс болууга чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости