www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кээ бир адамдар карантинди туугандар жана достор менен баарлашуу убактысы катары кабыл алууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

“Жарандарыбызды балдары менен сейилдөөдөн, конокко баруудан жана коомдук жайларга баруудан баш тартууга дагы бир ирет чакырабыз. Тилекке каршы, айрымдар карантинди туугандар жана достор менен баарлашуу убактысы катары кабыл алууда. Ата-энелер изоляция жана санитардык чараларга жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек”, – дейт Айнура Акматова.

Белгилей кетсек, 22-марттан баштап  Республика боюнча өзгөчө кырдаал киргизилген.

Кыргызстанда коронавирус биринчи жолу 18-мартта катталган. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 3 адамдан коронавирус аныкталган. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, алардын тесттеринин жыйынтыгы ошол эле түнү Бишкектен чыккан. Вирусту жуктуруп алгандар Араб Эмиратынан 12-мартта келишкен.

20-мартта коронавирус дагы үч адамдан аныкталганын Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев  маалымат жыйынында билдирген. Алар Ноокат районунун тургундары. Умра сапарына барып келген бул тургундар изоляцияга алынган.

21-мартта Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков дагы 6 учур катталганын маалымдаган. Алардын бешөөсү Сузак районунда, бирөө Баткенде катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости