www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 25-август күнү волейбол боюнча курама команда чемпионаттан кайтып келди. Өлкөбүздүн волейбол боюнча курама командасы Азиянын Борбордук зонасы боюнча чемпионатка катышып, биринчи орунду камсыздаган.

Жеңүүчүлөрдү тосуп алууга “Манас” аба майданына волейболчулардын жакындары, волейбол боюнча федерациянын өкүлдөрү менен кошо көптөгөн күйөрмандар да барышкан. Күйөрмандардын көпчүлүгү колдоруна Кыргызстандын желегин кармап алышса, дагы бирлери бүгүнкү күндүн каармандарына гүл берип жатышты.

Курама команданын капитаны Каныбек уулу Оңолбек оюнчулардын патриоттук сезими – ийгилигибиздин башаты деп эсептейт:

- Биздин жеңишибиз элибизге чоң белек болуптур, аябай жакшы тосуп алышты. Элдин мындай мамилесин көрүп өзүмдү жоготуп койдум, ушунча көп киши бизди куттуктоо үчүн тосуп алганы келиптир, аябай ыраазымын. Ийгилигибиздин башаты – бул биздин балдардын патриоттук сезими деп ойлойм. Баарыбыздын жумушубуз бар, мелдештердин алдында эле чогулуп, даярданып, катышып калабыз. Чет өлкөлөрдөгүдөй профессионалдуу түрдө машыкпайбыз. Биз бул мелдешке 5 жылдан бери катышып келе жатабыз, ушуну менен экинчи жолу чемпион болуп жатабыз. Байкап көрсөм ошол курам катышып жатыптырбыз, ошондуктан бири-бирибизге көнүп, оюндарыбызды билип калганбыз.

Өзүм Ысык-Көлдүн Оттук айылынан болом. Агамдын волейбол ойноп жүргөнүн көрүп, мен да кызыгып жүрүп эле ойноп калгам.

Башка көпчүлүк өлкөлөрдүн волейболчуларынын бойлору биздикине караганда узун болот. Аны волейбол боюнча федерациянын президенти Элмурза Ракиевич да жакшы билет да, ошондуктан мелдештерге аттанаар алдында ал дайыма төмөнкү сөздөрдү айтат: “Кыргыздардын бойлору кичине болсо да, жүрөктөрүбүз чоң. Биз жүрөгүбүз менен утабыз!”. Ушул сөз бизге чоң күч кубат берет.

Курама команданын оюнчусу Руслан Акунов мээнетибиз акталды деп кубанууда:

- Биз мелдешти жеңип келебиз деген ой менен барганбыз. Мелдештин алдында 3 ай катуу даярданганбыз, мээнетибиз акталды деп ойлойм.

Эске салсак, өлкөбүздүн волейбол боюнча курама командасы Азиянын Борбордук зонасы боюнча чемпионаттын жеңүүчүсү аталган. Мелдеш ушул жылдын 19-августунан 24-августуна чейин Непалдын борбору Катманду шаарында 7 команданын катышуусунда өткөн.

Кыргызстандын курама командасы тайпалык баскычта Непал менен Мальдив аралдарынын курама командаларын 3:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан. Жарым финалда бул зонанын учурдагы чемпиону Түркмөнстандын курама командасы менен беттешип, аны да 3:0 эсебинде жеңип алган.

Ал эми 24-августта өткөн финалдык оюнда курама командабыз Өзбекстандын курама командасы менен беттешип, 3:0 эсебинде ишенимдүү түрдө жеңишти камсыздашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости