www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Жеңиш Молдокматов Садыр Жапаровго кайрылуу жасады

Саясатчы Жеңиш Молдокматов президент Садыр Жапаровго NazarNews маалымат агенттиги аркылуу кайрылуу жасады

--“Урматтуу Садыр Нургожоевич, шайлоо алдында жана шайлоодон кийин дагы бир топ убадалар берилди. Ошондо биз “этият болуңуз, элдин ишеними - өтө чоң жоопкерчилик” деп айтканбыз. Бүгүнкү күндө четинен чыгып жатат.Сиз “Муфтиятка аралашкан эмесмин” дедиңиз эле. Тилекке каршы аралашып, кийлигишкениңиз боюнча далилдер билинип калды. Сиздин жаныңыздагы кеңешчилер кадрларды тандап берип жатканы анык болду. “Муфтий өзү дагы баарын жакында ачыктайм” деди.

Ал эми менин колумда сиз демилгелеген, сиз даярдаткан Баш мыйзамдын жаңы долбоору турат. Биздин коркконубуз сиздин жакындарыңыз жана кеңешчилериңиз туура эмес кеңеш берип жатканы. Конституциянын жаңы долбоорун окуп чыгып, элге кайрылып коюңуз. Азыркы парламент бүгүн сизди гана угат. Алар элди укпай, теңине албай калышкан. Муну кароого 6 - чакырылыштын депутаттарынын моралдык укугу жок. Жаңы парламент келсин, долбоорду жаңы адамдардын колу менен жазалы. Андыктан мыйзамды тебелебей, саясий реформаңыздан баш тартыңыз. Эгерде ушул долбоорду кабыл алсаныз, аягы жаман менен бүтөт. Биз сиз үчүн кайрылып, күйүп жаткан жокбуз. Эл үчүн, мамлекет үчүн күйүп жатабыз. Биз аягына чейин турабыз. Бул жөн эле документ эмес. Мамлекеттин жана кыргыз элинин тагдыры. Эртеңки күнү сиз жана кеңешчилер ушул долбоор үчүн жооп бересиңер”, - дейт саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости