www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Вакцина алганым үчүн вирус менен жеңил оорудум”, - деди бүгүн, 22-июлда маалымат жыйында NazarNews маалымат агенттигине “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын маалымат-катчысы Жийде Зоотбекова.

--“Мен былтыр коронавирус менен ооругам. Ошол кезде дем жетпей абдан кыйналгам. Ушул жылы жумушума байланыштуу көп адам менен вакцина тууралуу баарлашып, пайдалуу экенин билдим. Анан өз каалоом менен вакцина алгам.

Быйыл вирус менен оорудум, бирок эмделгениме байланыштуу жеңил эле өтүп кетти. Вакцина алганым абдан туура болуптур деп ойлоп калдым . Андыктан жарандарга дагы айтаарым, өзүңүздүн жана жакындарыңыздын ден-соолугуна кам көрүңүздөр.

Айрымдар мамлекеттик кызматта иштеген жарандарга “вакцина алышысын” деп кысым көрсөтүп жатат дешүүдө. Бул туура эмес маалымат. Ар бир адамдын өзүнүн эрки, өзүнүн ден-соолугу үчүн алат”, - дейт Зоотбекова.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости