Жылдыз Бакашова: “Вакцинациялоо – бул ар бир жарандын коронавирус инфекциясынан коргонууга болгон кадамы”
Расмий кабарлар  |   |  699

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешмеде өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жана вакцинациялоо темалары талкууланып,мамлекеттик органдардын башчыларына, КРнын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине вакцинацияланган жарандарды маалымат базасына киргизүүнү жана аймактардагы калкты массалык эмдөөдөн өткөрүүнүн жүрүшүн тездетүү керектигин баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями