www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын жер маселеси, шаар куруу жана архитектура боюнча вице-мэри Азат Узаков борбор калаанын мэриясынын кызматкери (аял киши) менен урушту.

Бүгүн, 7-октябрда, Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйыны өттү. Анда Узаков ага телефонограмма жөнөткөн мэриянын кызматкерине нааразы болду. Телефонограммада «вице-мэр Узаков, күндүн аягына чейин жеке маалыматтарыңызды жөнөтүүнү суранабыз» деп жазылган.

«Субординация болуш керек да. Токоева Т. дейт, бөлүм башчы. Бул сизби? Кандай маалыматты? Биз экөөбүз тең мамлекеттик кызматкербиз. Субординацияны карманыш керек. Мени сыйлабагыла, кызматымды сыйлап койбойсуңарбы. Андан кийин 30-сентябрда жөнөтүп жатасыңар. Мен кечээ гана алып жатам. Муну кандай түшүнсө болот?» - деди Узаков. Бөлүм башчы телефонограмма 3-4 жолу жөнөтүлгөнүн билдирди.

Ошондой эле, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Казыбек Эргешов вице-мэрдин кабыл алуу бөлмөсүндөгү кызматкер жумуш ордунда жок экенин белгиледи. «Менин фракциям 2 күндөн бери сизге телефонограмма жөнөтө албай жатат», - деди Эргешов.

Мэриядагы бөлүм башчы Азат Узаков менен диалог курууга мүмкүн эмес экенин айтты. «Мени менен диалог куруунун кереги жок, мени менен иштеш керек. Ордуңузду билиңиз, сиз жөн гана муниципалдык кызматкерсиз», - деп жооп берди ага Узаков.

Депутаттар Узаковдон өзүн колго алууну суранышты.

Эске салсак, буга чейин депутат Элмир Досалиев Азат Узаковго жыйынга даярданып келип, берилген суроолорго так жооп бериш керек экенин эскерткен. Азат Узаков вице-мэр кызматына 3-сентябрда дайындалган. Буга чейин президенттин аппаратында иштечү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости