www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда Lexus үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жол кыймылынын эрежелерин одоно бузуп, жол кыймылынын башка катышуучуларына коркунуч жараткан учур тартылган видео тараган.
Аталган факты боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында видеодо көрсөтүлгөн автоунаа аныкталып, кармалды.
Айдоочуга карата мыйзам талаптарына ылайык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, автоунаа айып короого киргизилди.
ЖКККББ жол кыймылынын бардык катышуучуларын жол эрежелерин так сактоого чакырат.
«Жол — автоунаанын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, тобокелчиликке баруучу жер эмес. Мындай жоопкерчиликсиз мамиле жол кыймылынын башка катышуучуларынын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратышы мүмкүн», — деп белгилейт мекеме.
Урматтуу айдоочулар! Жол кыймылынын эрежелерин сактап, башка катышуучуларды урматтаңыздар. Жол коопсуздугу — ар бирибиздин жеке жоопкерчилигибизден башталат.