www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 6-ноябрда Букоба (Танзания) аэропортуна конууга аракет кылган жүргүнчү учагы Виктория көлүнө кулап түшкөн. Бул тууралуу «Рейтер» агенттиги билдирди.
Учактын бортундагы 15 кишинин ушул убакка чейин куткарылганы белгиленди. Бирок Precision Air учагынын бортунда 49 жүргүнчү болгон. Азырынча каза болгондордун бар-жогу белгисиз.
Социалдык тармактарда бөлүшүлгөн видеолор жана сүрөттөр учактын дээрлик толугу менен сууга чөгүп кеткенин, анын жашыл жана күрөң куйругу гана көрүнүп турганын көрүүгө болот.
Анда куткаруучу кайыктардын учурулганы жана тез жардам кызматкерлери учакта камалып калган башка жүргүнчүлөрдү куткарууну улантып жатканы билдирилди.Танзаниянын эң ири жеке менчик авиакомпаниясы Precision Air учактын PW 494 рейси экенин белгилеп, Букоба аэропортуна жакындап баратканда кулаганын билдирди. Авиакомпаниянын билдирүүсүндө кошумча маалымат берилген жок.
Танзаниянын президенти Самия Сулуху Хасан куткаруу операциясы уланып жаткан элди сабырдуулукка чакырды.
«Мен Precision Air учагынын кырсыкка учураганын укканда капа болдум. Куткаруучулар куткаруу иштерин улантып жатканда, келгиле, Кудайдан жардам сурап, сабыр кылалы», - деди президент.
Булак: NazarNews.kg