www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын түндүгүндөгү Зарнисор шаарчасында тажик-кытай тоо-кен өндүрүш компаниясынын жумушчулары тополоң чыгарышканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 20-май күнү түштөн кийин таш, таяк менен куралданган 60 чакты кытай улутундагы жумушчулар компаниянын башкы кеңсесине кол салышкан. Версиялардын биринде, Кытай жарандарынын айлыгын өз убагында берилбегенине байланыштуу чыр чыккан. Ал эми экинчи версияда коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылгандыктан бир нече айдан бери мекенине бара албай калган жумушчулар аларды Кытайга кайтарууну талап кылышкан.

Компания өкүлдөрү жана жергиликтүү башкарма сүйлөшүү жүргүзүп, маселени чечүүгө аракет кылганы менен андан жыйынтык чыккан эмес.

Нааразы болгон жумушчулар имараттын терезелерин сындырып, бир нече унааны талкалап салышкан. Акыры чуу болгон жерге ОМОНдор тартылып, күчкө салып тополоңчуларды жөнгө салышкан.

"Тополоң салгандарды токтотуу үчүн милиция кызматкерлери абага ок чыгарышты. Окуядан жарадар болгондор, каза тапкандар жок", - деп билдирген Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкери.

Учурда Зарнисор шаарчасында абал туруктуу экендиги айтылат.

Белгилей кетсек, Тажик-кытай тоо кен өндүрүш компаниясы цинк, коргошун, жез өндүрүп келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости