www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган, саламаттык сактоо тармагына салган инвестициялары менен Стамбулдун эл аралык саламаттык сактоо борборуна айланганын айтты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Эрдоган, Стамбулда салынып бүткөрүлгөн Башакшехир Чам (карагай) жана Сакура оорукана шаарчасынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Бүгүн түптүү жана көп жактуу түрк-жапон достугуна жаңы алкак кошкондорун айткан Эрдоган: «Бир гана эстетикалык жактан эмес, технологиялык базиси, көмөкчү жайлары, турган жери, мүмкүчүлүктөрү жана башка өзгөчөлүктөрү менен Стамбулдун сыймыктануучу эстеликтеринин бири катары дагы бир чыгарманы өлкөбүзгө коштук»,-деди.

Ага кошумча өлкө башчы, саламаттык сактоо системасында эми Стамбулдун борбордук абалга ээ болгонун белгилеп, Стамбулдун бир эле убакта эл аралык саламаттык сактоо борборуна да айланганын белгиледи.

«Саламаттык сактоо системасынын баркы жакшы түшүнүктүү болгон ушул мезгилде, бул жер саламаттык сактоо туризминде Түркиянын марка чыгармаларынан бири болот»,-деп айтты.

Эрдоган, жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) пандемия мезгилинде Түркиянын 80ден ашуун өлкөгө жардам колун сунганын белгилеп, жардамдарды жиберүүнү уланта тургандарына токтолду.

«Дүйнөдө саламаттык системалары кыйраган, мамлекеттик тартиптери жаракат алган ушул мезгилде Түркия жана Жапония үлгү болуучу ийгиликти көрсөтүүдө»,-деди.

Ачылышка видео конференция форматында катышкан Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ болсо: «Ден-соолукту символдогон карагай жана Жапониянын символу сакуранын аты коюлган оорукананын Стамбул калкына саламаттык алып келишин тилеймин»,-деди.

Булак: NazarNews.org

Последние новости