www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы учурда УКМК тарабынан жеке адамдар менен макулдашып, кылмыштуу кирешелерди легализациялоо боюнча Асель Шадиева шектүү катары козголгон кылмыш иши тергелип жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, такталгандай, Аскар Шадиев 2010-2017-жылдар аралыгында киреше жөнүндө маалыматтардын мыйзамдуу формасында, мүлктүн кылмыштуу булагын жашыруу максатында аялы Асель Шадиеванын атына мүлктөрдү каттаган.

Анда аларга таандык болгон иш жүзүндөгү активдер жана алардан түшкөн киреше суммалары Кыргыз Республикасынын бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн суммадан бир топ ашып кеткен.

Иштин материалдары боюнча, кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоого Асель Шадиеванын катыштыгы бардыгы  мүнөздөлүп турат жана ага ылайык анын иш-аракеттерине тергөө тарабынан тиешелүү юридикалык баа берилди.

“Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 18-беренесинин 1-бөлүмү боюнча жазык сот өндүрүшү бирдей укуктардын жана атаандашдыктын негизинде жүргүзүлөт. Буга байланыштуу Аскар Шадиев белгиленген тартипте далилдерди жана жазык-процесстик мыйзамдарда каралган негиздер боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берсе акылга сыярлык иш болмок», – деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ, 22-май күнү Аскарбек Шадиевдин жубайы Асел Шадиева алардын күнөөсү жоктугун жана алардын артынан аңдуу иштери жүргүзүлүп жаткандыктан чет өлкөгө качууга мажбур болгонун айтып, коомчулукка, президентке кайрылуу жолдогон

Булак: NazarNews.org

Последние новости