www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШда коронавируска каршы эмделген киши бир нече саат өткөндөн кийин көз жумганын РИА Новости жазды.
Калифорниядагы Плейзер округунун шерифинин кеңсеси өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына каза болгон адам өткөн айда COVID-19 илдети менен ооругандыгын билдирген.
--"Плейсер округунун Саламаттык сактоо кызматы жана шерифтин кеңсесинин коронавирус боюнча бөлүмү адам көз жумгандыгы жөнүндө маалымат алышты. Ал кишиге декабрь айынын аягында вирус жуккандыгы аныкталган. 21-январда эмделип, бир канча саат өткөндөн кийин каза болгон", — деп айтылат билдүүдө.
Маркум округдун Саламаттык сактоо департаментинен башка жактан эмделгени айтылат. Буга карата жергиликтүү, штаттык жана федералдык деңгээлде иликтөө жүргүзүлүп жатат. Көз жумган киши Moderna же Pfizer вакцинасыбы, кайсынысы менен эмделгени азырынча белгисиз.
Булак: NazarNews.kg