www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдөгү бир нече өлкөдө коронавирустун жаңы толкуну башталды. Бул "омикрон" штаммынын кезектеги мутациясы менен байланыштуу. Мындай пикирин "Известия" басылмасына вирусолог Анатолий Альтштейн билдирген.

"Коронавирус кайрадан баш көтөрдү. Бул мурдагыларга караганда бат көбөйгөн "омикрон" штаммынын жаңы варианттары менен байланыштуу. Дүйнөдө күн сайын 700-800 миң адам ооруп жатат", — деген вирусолог.

Альтштейн омикрон ушул жылдын январь, февраль айларында күч алып, ортодон кайра басаңдап барып ВА.2. штаммынан улам кайра жанданганын кошумчалаган.

"Жаңы учурлар бирде өсүп, бирде басаңдап калууда. Азыр ооругандардын саны кайра өсүшү мүмкүн. Бирок ал көпкө созулбайт. Анткени вирус алсыз болуп баратат. Жыл этегине чейин ооругандардын саны бир топ азаят. Андан соң Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму пандемия аяктаганын расмий жарыялашы ыктымал", — деген ал.

Эске салсак, коронавирус жуктургандар Кыргызстанда да көбөйүп жатканы айтылып, ооруканага түшкөндөр бар экени белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости