www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Киев Орусиянын аскер күчтөрү ДЭР менен ЛЭРдин чек арасындагы аракеттерин токтотпошуна мажбурлап жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володин билдиргенин РИА Новости жазды.

Ал пленардык жыйында депутат Сергей Обуховдун репликасына жооп берген.

"Украина террордук мамлекетке айланып калды... Биз сиздер менен унчукпай тура албайбыз. Өзүбүздүн жарандардын коопсуздугун камсыздоого байланышкан маселелерди чечүү үчүн бар күчүбүздү жумшайбыз. Сиз туура айттыңыз, Украина террордук мамлекет болуп калды. Алардын президенти кылмыштуу режимди башкарып жатат. Биз атайын аскердик операция ийгиликтүү аякташы үчүн колдон келгендин баарын жасашыбыз керек", — деди Володин.

Ошондой эле ал АКШ жана Европа өлкөлөрү Украинадагы согуш мүмкүн болушунча көпкө чейин созулушун каалап жатканын белгиледи.

"Албетте алардын (Украина — ред.) аракеттеринде кылмыштын белгилери бар. Ага катуу жооп берилет. Ошондуктан алар ДЭР менен ЛЭРдин чек арасындагы биздин аскерлерди токтотпоого мажбурлап жатат. Харьков облусунан жана башка региондордон сокку урууда. Андыктан өз өлкөбүзгө жана анын куралдуу күчтөрүнө ишенүү керек. Ошондо бизде баары жакшы болот", — деди Володин.

Спикер жаңжал качан гана Украина шаарларга жана айылдарга сокку урууну токтоткондон кийин гана басыларын белгиледи.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.

Орусиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан кийин Батыш Москвага каршы санкциялык кысымын күчөттү. Евробиримдик буга чейин санкциялардын алтынчы пакетин кабыл алган. Анда Батыш көмүр менен мунайдын импортунан акырындык менен баш тартууну көздөйт. Анткен менен ал тарапта жеткирүү системасынын үзгүлтүккө учурашы күйүүчү майга жана азык-түлүккө болгон баанын өсүшүнө алып келди. Бул нерсе Америка менен Европаны экономикалык каатчылыкка кептеди.

Путин санкциялар Орусиянын экономикасын чөгөлөтүү Батыштын узак мөөнөттүү саясаты экендигин, анткен менен бул кадамдар дүйнөлүк экономикага болуп көрбөгөндөй сокку ургандыгын айткан.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости