www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вирусолог пандемия кандай учурда бүтөөрүн айтты

Адамдардын иммунитети канчалык бекемделген сайын пандемиянын соңу ошончолук жакындай баштайт. Бул тууралуу "Известия" басылмасы Гамалея атындагы борбордун вирусологу Александр Бутенконун айтымына таянып кабарлады.

"Өзүбүз көрүп жаткандай, COVID-19 мутация болуп кетүүгө абдан жөндөмдүү вирус экен. Бирок мутация дайым эле вирустун пайдасына иштей бербейт. Илимде мутация болгон сайын вирус алсызданган учурлар белгилүү. Андыктан COVID-19 деле ошол сценарий менен кетиши толук ыктымал", — деди Бутенко.

Адистин пикиринде, пандемиянын бүтүшүнө себеп боло турган экинчи жагдай — дүйнө жүзүндөгү адамдардын басымдуу бөлүгүнүн иммунитетинин бекемделиши. Мындай учурда вируска жашай турган жер калбай, мутация болуу мүмкүнчүлүгү дагы азаят. Андыктан вирусолог эмдөөдөн өтүү маанилүү экенин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости