www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Коргоо министрлиги - Украина менен чектеш аймактагы аскерлерин алып кетип жатканын маалымдады. Мекеменин билдирүүсүндө Түштүк аскер округундагы аскерлердин бир айлык машыгуусу аяктаганына байланыштуу 10 миңден ашуун жоокер мурдагы бөлүктөрүнө кайта турганы айтылат.

"Согуштук даярдык боюнча машыгуулар Астрахан, Волгоград жана Ростов облустарында, Ставропол жана Кубанда, Түндүк Кавказда жана Крымда, ошондой эле Абхазия, Армения жана Түштүк Осетияда өттү", - деп жазылган министрликтин сайтындагы билдирүүдө.

25-декабрда Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ конгрессмендери жана сенаторлору менен онлайн сүйлөшкөн. Анда Донбасстагы кырдаал жана орус-украин чек арасындагы орусиялык аскерлер тууралуу сөз болгон. Ал Донбасстагы кырдаалды тескөөдө АКШнын орду чоң экенин белгилеген.

Ноябрь айында Conflict Intelligence Team уюмунун иликтөөчүлөрү Украина менен чек арасына Орусия аскерлерин жана техникасын жайгаштырып жатканын айтып чыккан. Бул маалыматты Пентагон да ырастап, орус-украин чек арасындагы аскерлер тууралуу чалгындык маалыматтарын Киевге бермекчи болгон.

Декабрдын башында Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын лидери Джо Байден видео байланыш аркылуу сүйлөшкөн. Байден - Украинага чабуул кылса, Москвага катуу санкциялар салынаарын эскерткен. Путин Байденге - НАТОнун Украинага чейин кеңейтилишин кабыл албай турганын билдирген. Ал эми альянстын жетекчилиги Орусия НАТОго жаңы мүчөлөрдүн киришине тоскоолдук кылууга укугу жок деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости