www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Талибан” кыймылы түзгөн Ооганстандын өкмөтү такси айдоочуларына эркектердин коштоосу жок узак сапарга чыгам деген аялдарды унаага отургузуусуна тыюу салды.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Ооган өкмөтүнүн жаңы чечимине ылайык, хиджаб кийбеген аялдар да транспорттун бардык түрлөрүнө отура алышпайт.

Өлкөнүн Ыйманды алга сүрөө жана адеп-ахлаксыздыктын алдын алуу боюнча министрлиги дал ушундай сунуштама чыгарган. Мындай маалыматты 26-декабрда мекеменин басма сөз катчысы Мухаммад Садик Акиф ырастады.

Ошондой эле айрым маалымат каражаттарында талибдер айдоочуларга автоунаада музыканын добушун катуу чыгарууга болбой турганын да эскертишкени айтылууда.

Human Rights Watch укук коргоо уюмунун аялдардын укугу боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары Хизер Барр талибдердин мындай сунуштамасын айыптап, Ооганстандагы жаңы чектөөлөр “аялдарды туткунга айлантып коерун” эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости