www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Генерал Элмурза Сатыбалдиев саясый тарыхка өзгөчө из салды

Бир мандаттуу Өзгөн округунан Элмурза Сатыбалдиев жалгыз талапкер катары чыгып, 22 миңден ашык добуш алды. Атаандашсыз мандатка жетүү саясый тарыхыбызда болбогондой.

Албетте, ат салыша тургандар чекеден эле чыкмак, бирок генерал Сатыбалдиевдин кадыр-баркын, элине сиңирген эмгегин ойлошуп, баары бир утулуп калаарын сезгендер жолтоо болушкан жок.

Кыргыздын нарктуу, баатыр мүнөз уулуна ушундай урмат-сый жасалаарын тарыхтан гана окуп келсек, эми реалдуу турмуштан көрдүк. Негизи, Элмурза Сатыбалдиевдин башынан ооматтуу кезеңге аралаш сыноолор да өтүп, кыйла эле турмуштун тарбиясын алып келатат.

Эң башкысы, ал сейрек тагдырдын күбөсү. Кудай сүйгөн пендесине оош-кыйыш күндөрдү ыроологону менен, жакшылыктын да жарчысы болооруна жол ачып койгондой. Эми накта эл өкүлү катары кызмат кылып бериңиз!

Булак: Азия News гезити

Последние новости