www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы мындан ары жыйынга чогулбайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алтынчы чакырылыштын жыйынтыктоочу жыйыны 22-декабрда өттү. «Алар эми сессияны салтанаттуу жабуу аземине гана чогулат», - деп билдирди басма сөз кызматы.

Жогорку Кеңеште белгиленгендей, парламенттин жетинчи чакырылышынын биринчи сессиясы качан болору азырынча белгисиз. «БШК мандаттарды тапшыра баштаары менен биринчи жыйын өткөрүлөт», - дейт басма сөз кызматы.

БШК жетинчи чакырылыштын депутаттарын каттай элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости