www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет элдик окумуштуулар вирус менен бактерияларды жасап жатышат. Бул үчүн инструменттердин жеткиликтүүлүгү биологиялык коопсуздукту коркунучка кептөөдө. Мындай пикирин Орусиянын башкы санитардык дарыгери Анна Попова айтты.

Ал Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейрасмий жолугушуусунда сүйлөдү.

"Биологиялык технологияларды көзөмөлсүз, өзүм билемдик менен пайдалануунун кесепети өтө оор болушу ыктымал", — деди Попова.

Анын айтымында, быйыл Улуу Британиянын окумуштуулары ичеги таякчасынын штаммынан жаңы бактерия жасап чыгышты. Ал башка ооруларга туруштук бере алары аныкталган.

Сөзүнүн соңунда Попова биологиялык технологиялардын жардамы менен адам баласына байкабай дагы, атайын дагы зыян келтирүүгө болорун айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости