www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адамзат канткенде карыбай, узак өмүр сүрө алат?

Гарварддын Коомдук саламаттыкты сактоо мектебинин окумуштуулары кандай адаттар диабет, рак жана жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу тобокелчилигин азайтып, өмүрдү узарта турганын аныктады. Бул тууралуу BMJ журналы жазды.

Эксперттер 45 жаштан жогорку 73 миң аял жана 38 миң эркек кишинин ондогон жылдар бою чогулган маалыматтык базасын изилдеген. Натыйжада алар баланска коюлган тамактануу, тынымсыз кыймыл-аракет, алкоголдук ичимдик жана чылымдан баш тартуу, салмакты көзөмөлдөө жана өз убагында уктоо адам өмүрүн узартат деген тыянак чыгарышкан. Мисалы, ушундай жашоо образы менен жашаган аял орто эсеп менен эркектерге караганда сегиз жылга көбүрөөк өмүр сүргөн.

Көнүгүүлөрдү жасоого күнүнө 30 мүнөттөн кем эмес убакыт бөлүү, орто куракта салмак массасынын индексин 18,5тен 24,9га чейинки деңгээлде сактоо сунушталат. Ал эми ичимдикти бир порциядан ашырбаш керек, мисалы, аялдарга күнүнө бир бокал вино же сыра, эркектерге эки бокал ичүүгө уруксат берилет.

Окумуштуулар уктоо режиминин олку-солкулугу жүрөктүн ишемиялык ооруларына, диабет жана ашыкча салмак кошууга алып келет деген корутунду чыгарган. Алардын айтымында, орто эсеп менен алганда адам сегиз саат укташы керек, бирок ар кимдин өзүнчө нормасы бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости