www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы 11 айда республиканын аймагында чет өлкөнүн жарандары тарабынан 243 кылмыш жасалып, анын ичинен 226 иштин бети ачылган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (93 факты) чет өлкөнүн жарандары быйыл (150) көбүрөөк кылмыш жасаганы белгиленди.
"Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматы чет өлкөнүн жарандары тарабынан жасалган кылмыштардын эсебин жүргүзөт. Мында чет элдиктердин өздөрү жасаган кылмыштар да, аларга каршы жасалган кылмыштар да эске алынат. Чет мамлекеттин жарандары тарабынан жасалган кылмыштардын ичинен алдамчылык, бейбаштык, уурулук, каржы пирамидаларын уюштуруу, тоноо, киши өлтүрүүлөр да катталган", — деп жазылган маалыматта.
Кылмыштын көбүн КМШ өлкөлөрүнөн жана коңшу мамлекеттерден келгендер, анын ичинде Россия, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Пакистан, Түркиянын жарандары жасашкан. Ошондой эле Улуу Британия, Франция жана башка алыскы өлкөлөрдүн жарандары дагы бар.
Ал эми 11 айдын ичинде чет өлкөлүк жарандарга каршы 191 кылмыш катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине (175) салыштырмалуу 16 фактыга көп. Анын ичинен 139 кылмыштын бети ачылган. Эң көп жасалган кылмыштар алдамчылык (51 факт), уурулук (21 факт) жана тоноочулук (13 факт).
Аймак боюнча алганда кылмыштардын жарымынан көбү (153) Бишкек шаарында жасалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости