www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 29-декабрь саат 11:00дө парламент имаратында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII-чакырылышына шайланып келген депутаттардын ант берүү аземи өтө тургандыгын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирген эле.

Учурда сааттын жебеси 11:30дан өткөнү менен Жогорку Кеңештин VII-чакырылышына шайланып келген депутаттардын ант берүү аземинен дайын жок.

Келбей жатып, ант берүүчүлөрдүн кадамы ташбака тойго бара жаткандай болуп кечиксе, “боло береттер” тобу жымыңдап ЖКнын имаратына жайгаша турган сыяктуу.

Баса, VI-чакырылышынын “чимкирик” аталган эл өкүлдөрү ЖКнын имаратын таштап чыгып кете элек. Азырынча Ак үйдүн айланасын айланып, алыстап кете албай жүргөн чактары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости