www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Британияда коронавирустун азыркыдан да жугуштуу болгон жаңы түрү табылганы тууралуу маалыматтарга расмий комментарий берди.
Маалыматка караганда, Британиядан башка мамлекеттерде коронавирустун жаңы түрү менен он бир учур катталды.
"Инфекциянын жайылышы интенсивдүү болуп, кеңири тарап жаткан Европа мамлекеттери көзөмөл жана алдын алуу чараларын күчөтүшү керек" деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө
Вирустун мутацияланган түрү менен Данияда тогуз, Нидерланд менен Австралияда бирден учур катталды.
Коронавирустун мутацияланганы тууралуу маалыматтарга байланыштуу Батыштагы бир нече өлкө Британия менен байланышын чектеп жатат. Азырынча мындай кадамга Австрия, Бельгия, Италия жана Нидерланды барды. Германия, Австрия, Израиль жана Франция да чектөө чараларын караштырууда.
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон 19-декабрда өлкөдө табылган коронавирустун жаңы түрү азыркыга салыштырмалуу 70% жугуштуу деген божомол бар экенин билдирген.
Расмий маалыматка караганда, Британияда коронавирустун жаңы түрү миңден ашык кишиден аныкталды.
Башкалаа Лондондо жана өлкөнүн түштүк-чыгышында вирустун жайылышына каршы чаралар күчөтүлдү.
Буга чейин вирустун жаңы түрү тууралуу Түштүк Африканын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлаган.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg