www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Киев аскердик жол менен Крым жана Донбассты кайтарып алуу аракетинен баш тартып жатат. Бул тууралуу Орусия президентинин жардамчысы, орусиялык делегациянын жетекчиси Владимир Мединский билдирди.
Бүгүн, 29-мартта, Түркиянын Стамбул шаарында Орусия менен Украина делегацияларынын сүйлөшүүсү өттү.
Мединский төмөнкүлөрдү айтты:
Украина аскердик биримдикке кирүүдөн, чет өлкөлүк аскер базаларын, контингенттерин жайгаштыруудан, кепилдик-мамлекеттердин макулдугусуз Украинанын аймагында машыгуу өткөрүүдөн баш тартууда. Бул мамлекеттерге Орусия дагы кирет;
Украинанын коопсуздук кепилдиги боюнча сунушу Крым жана Донбасстын аймагына жайылтылбайт;
Орусия Украинанын Евробиримдикке киришине каршы эмес.
РИА Новостинин маалыматы боюнча, учурда россиялык делегация Стамбулдан Москвага кайтып жатат.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg