www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Владимир Путин Батыштын Орусияга каршы санкциялары боюнча комментарий берди.

“Алардын ою ачык-айкын. Батыш компанияларын Орусия рыногунан күч менен чакыртып алуу, ички активдерди тоңдуруу, өнөр жайга, каржыга жана элдин жашоо деңгээлине сокку уруу менен Орусия экономикасын талкалоо. Албетте, орусияиялык ишкерлерге алы жетпеди. Бийлик өкүлдөрү кесипкөйлүк менен иштешти, жарандар тилектештикти жана жоопкерчиликти көрсөтүштү”, — деди ал Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун пленардык жыйынында.

Путин экономикалык абалдын кадам сайын нормалдуу абалына кайтып келе жатканын белгиледи.

"Биз күчтүү элбиз жана кандай гана кыйынчылык болбосун көтөрө алабыз. Ата-бабаларыбыздай эле биз кандай гана көйгөй болбосун чечебиз. Муну өлкөбүздүн миң жылдык тарыхы далилдеп турат", — деди президент.

Анын айтымында, Батышта жалпы саптардан өзгөчөлөнүп тургандарды жазалоону жакшы көрүшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости