www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москва Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусунда сөз боло турган темаларды атады. Эки президенттин жолугушуусу 24-майда Орусиянын Сочи шаарында өтөт.
Кремлдин маалыматына караганда, бул жолугушууда кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы, евразиялык аймактагы интеграциялык кызматташтыкка байланышкан темалар сөз болот. «Ошондой эле, актаулдуу регионалдык көйгөйлөр, анын ичинде кыргыз-тажик чек арасындагы туруктуулукту бекемдөө каралат» деп айтылат Кремлдин маалыматында.
Белгилей кетсек, 10-майда Садыр Жапаров Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Баарлашуунун жыйынтыгында Жапаров ушул айдын этегинде Москвага иш сапар менен барары белгилүү болгон.
Эске салсак, 28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажик тараптан 19 адам набыт болду. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошту.
Булак: NazarNews.kg