www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кенжебек Арыкбаев Садыр Жапаровго Кайрылуу жасады

Журналист Кенжебек Арыкбаев Кумтөр боюнча президент Садыр Жапаровго Кайрылуу жасады.

27 жылдан бери уланып, «кылым аферасына» айланган «Кумтөр Голд» алтын кениндеги өндүрүштү Кыргызстан өз көзөмөлүнө алды болдук. (Аныбызды соңку 23 жылдан бери чет мамлекетте жашап келе жаткан) кош жарандыгы бар (Кыргызстан жана Канаданын) Бөлтүрүк аттуу атуул сырттан туруп башкарып кирди. Айрым «пахтакорлорубуз» «Кумтөрдү алдык...» деген маанайда эрте эле урээлей баштады.

Бирок, дүйнөлүк мафиянын прототибине куюлушкандай элес жараткан, алтын үчүн кайталангыс жаратылышыбызды садага чаап, чейрек кылымдан ашык убакыттан бери «ажыдаарлардын» азыктануучу уюгуна айланып келген чеңгелден чыгуу оңой иш эмес.

Маселе ушунда турат. Эми мындан аркы иштин жүрүшү эң биринчиден азыркы башчы Садыр Жапаровдун абийрине жараша болот. Жоопкечилик дагы. Кезинде, мындан 8 жыл мурун, так ушундай май айында, сиз абакта жатканда, адвокатыңыз аркылуу сурообузду узатып, ошондо Сиз ошол учурда мен жетектеп жаткан «Назар-пресс» гезитине берген маегиңизде «Кумтөр Кыргызстандын келечеги же трагедиясы...» деген аталышта кенен маегиңизди бергенсиз. («Назар-пресс» №12(12) 07.05.2013.)

Буларды айтканым бул. Адам менен табияттын байланышы боюнча дүйнө элдеринде жок «Кожожаш» деген дастаныбыз бар. Анда жалпы адамзатын элеси Кожожаш аркылуу берилсе, табияттын элеси Сур эчки аркылуу берилген. Ошондо кайберендин тукумун улантуучу Алабаш текени Кожожаш атып өлтүргөндөн кийин, мергенчиден өч алыш үчүн аны алдап, адаштырып азгырып олтуруп кайра түшө албас бир зоого такап салат го.

Акырында Сур эчки: «ар бир кылган ишиңе эч бир дабаа кылбасын, аскада туруп саргайып, арманда өлсүн бир башың» деп каргап турат. Сур эчкинин бул каргаганы табигаттын каргаганы... Анын сыңарындай эми, талкаланган табиятыбызды, таланган байлыгыбызды, анын кунун алуу минтип сиздин шыбагаңызга туш келип, жоопкерчилик да Сиздин мойнуңузга жүктөлүп отурат. Ушул тарыхий миссияда бүт Кыргызстан Акылбек Жапаровду эмес, Садыр Жапаровду карап турат.Акыры кандай натыжа чыгат, ал сиздин амириңизде.

P.S ордуна: «Алтындын түбү, тилеги жаман» - деп айтат, кыргызда. Алтындай акылы бар А.Акаевди жер безер, эл безер кылган, ал эми Максим Бакиев алтындан чүкө жасатып, эрмек катары калчап отуруп атасынын, ага тууганынын түбүнө жеткен көрүнүштөрдүн негизги өзөгү-ушул алтын болгон...

Айтмакчы, алтындын азгырыгы чалган Кумтөр аферасынын башатында эгемендүү Кыргызстандын эң биринчи премьер-министри Насирдин Исановдун табышмактуу өлүмү да эл оозунда бүдөмүк ой жаратып келгени жөн эле жерден эмес... Насирдин Исановичтин жубайы Бузинат эженин ошол кырсыктан 16 жыл өткөндөн кийин массалык маалымат каражаттарынын бирине берген мегинде минтип айтканы бар: «Андан бери бир топ жыл өттү.Ал күндү эбак баары унуткан.

Бирок, Насирдинди кимдер кантип өлтүрүштү экен деп мен ар бир күнү толгоном. Анткени, «Волганын» арткы орундугунда Бирштейн экөө, айдоочусу, анан алдында Бирштейндин жан сакчысы олтурган экен. Мага көптөр «машине менен сүзүшпөй эле, ичинде олтурган жеринен Насирдиндин мойнун толгоп өлтүрүп коюшкан, калганы сценарий боюнча жасалган» деп айтышкан. Мен бул версияны да жокко чыгара албайм.

Анткени, менин бүдөмүк туюмадарым да ошого окшоп турат. Ичиндеги төрт кишинин биринин да чекеси сыйрылбайт дагы, Насирдин өлүп калып атпайбы! Дегеле машине жыгыла турган жер эмес, түптүз жер экен. Алдынан «ЗИЛ» чыга калып деп атпайбы...

Негизи, кырсык болгон жерге бирге иштешип жүргөн эки адамдын барганын мен даана билем. Белгилүү эле кишилер. Ошол эки адам табышмакты сөзсүз билиш керек. Турмуштун кызыгын көр,ошол бойдон алар мага жолошпойт, же мен алардан батынып сурай албайм. Кудайым бар эмеспи, бир жолугушуу болор...

А эмне үчүн өзүнүн жумушу үчүн жанына салып жүргөн жанагы Бирштейни кырсыктан кийин бир кайрылышып койбой, ошо замат Анжиян облусу аркылуу мекенине учуп кетет? Ушунун өзүндө да чоң табышмак жатат. Ал жеткен куйсупур адам экен. Ушундай ишенимсиз адамдарды кантип мамлекеттик деңгээлдеги иштерге алып келгендери да эч бир акылга сыйбайт.

Эң башкысы, Насирдин ал киши тууралуу түкшөмөлдөп, кооптонуп жүргөнүн мага ага чейин айткан болчу. «Бул аябай деле олуттуу компания эмес көрүнөт» деп түкшүмөлдөгөнүн мен даана билем. Ал компанияны биринчи ким таап алып келгенин так айталбайм. Бирок менин түкшүмөлдөөм боюнча, аны кадимки Чыңгыз Айтматовдун Санжары алып келген болушу мүмкүн.

Эмне дегенде Санжар ошол мезгилдерде биздин үйдөн чыкпай калган. Ушул иштер боюнча күндүз эле эмес, түндөсү да чалчу. Насирдинди эле айланчыктап чыкпай калды. Үйгө келип, балдар менен таанышып да жүрдү. А өлгөндөн кийин бир басып келип койгон жок. Атасын сыйлап унчукпайын дечү элем, бирок биздин үйдүн таянган тоосу кулаардын алдында ал баланын Насирдиндин жанынан чыкпай жүргөнүн айтып коеюн дедим...

Ошол кырсыктуу окуянын алдында эле Швейцарияга барып келишкен. Менин байкашымча, Кумтөрдөгү алтындын анык маселелери ошол жактан сүйлөшүлгөн. Кандай болот, кандай кылабыз маселеси козголгон. Бирок сүйлөшүү аягына чыкпай калган. Насирдин көп жактарына каршы чыгып койгон болуш керек. Мен жакшы эмес жүрүшкө барып келгенин, кимдир-бирөөлөргө нааразы болуп сүйлөнгөн күңгүрт сөздөрүнөн улам байкагам.Бирок мен анын саясый иштерин такып сурап, киришчү эмесмин.

Атаңгөрү, ошондо эмне болгонун дурустап билип алганымда, мобул табышмактын жарасын өзүм сыйрыбайт белем... Ал тургай мага ошондо Насирдиндин сөөгүн да жакшылап караганга шарт түзүшкөн жок. Жалгыз болсоң дагы кыйын экен. Насирдиндин биртуугандары деле айылда турган карапайым адамдар болчу. Сөөк коердун алдында менин бир байкаганым, мойнунан кулагына чейин бир из түшүп турат. «Муну эмне кылышкан?» деп бир бакырып алганым ошол болду.

Аялдар соороткон болуп, кайра ичке алып кирип кетишти. А сөөктү алып чыгып баратканда ал жери кайра эчтеме болбогондой эле болуп калыптыр. Айтор, кайсы арманымды айтайын... Эң башынан баштап абдан изилдей турган болушса, Насирдиндин бир табышмагы ачылчудай болуп сезиле берет...

Мында көп сыр жатат... Жөнөкөй элби, интеллигенция болобу, «Исанов киши колдуу болуп өлгөн, бул баланы «Кумтөрдүн» алтыны жутуп кетти дешти» деп айтылып жүргөнү деле жөн жерден эмес го...» (маек интернет стилине ылайык кыскартылып берилди). Бул маекти учур чактагы Кумтөр окуясынан улам кошумчалап кеткеним.

Жыйынтыктап айтканда, миңдеген жылдар бою калыптанып, сакталып келген не бир кайталангыс жаратылышыбыз бүгүнкү күндө алтын үчүн орду толгус жоготууга учурап отурат... Сиз маегиңизде айткандай «Кумтөрдөн чет элдиктер жылына 18 тоннадан кем эмес таза алтын чыгарып кетип турушса, кыргыз байкуш аяктан пайда көрмөк турсун 100 миллион тоннадан ашык уу зат, цианит менен калып отурбайбы». Эми мындай жоготуулардын ордун ким толтурат?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости